Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар саны эки эсе өстү


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аралаш аймактарда түрдүү чыр-чатактардын саны быйыл былтыркыга салыштырганда эки эсе көп катталды. Бул тууралуу 9-декабрда Баткенде өткөн эки тараптуу жолугушууда айтылды. Ага чек арачы жетекчилер катышып, жалпы абалды талкуулашты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында 32 окуя катталган. Жалпы абалды эки тарап тең быйыл татаал жана бир түрдүү эмес болду деп баалашты. Чек арачылар 80ден ашуун жолугушуу өткөрдү.

Жыл жыйынтыгын чыгарган жолугушуу Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаштык айлында өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG