Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Талды-Булак Сол жээктеги алтын фабрикасы тесттик режимде иштей баштады


Кеминдеги Талды-Булак Сол жээк кенинде алтын иштетүүчү фабрика тесттик режимде иштей баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда фабрикада байкоо жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта толугу менен ишке кирмекчи.

Кенди иштеткен "Алтынкен" компаниясынын акцияларынын 60% үлүшү кытай тарапка, ал эми 40% “Кыргызалтынга” таандык.

Адистердин эсебине ылайык, аталган кенде алтын кору 78 тонна. Алтын менен кошо күмүш жана күкүрт казып алууга да болот. Талды-Булак Сол жээкке салынган инвестициянын жалпы көлөмү 184 млн. долларды түзөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG