Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Бишкекте он чакты адам Путинди колдоо акциясын өткөрдү


Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында орус президенти Владимир Путинди колдоо митинги өтүүдө. Ага он чакты адам катышып жатат. Митингчилер орус бийлиги Батыштын кысмагында калганын айтып, Путинге тилектештигин билдирүү үчүн келгенин айтышты.

Быйыл жазында Орусия эл аралык мыйзамдарды бузуп Крымды аннексиялап алгандан кийин Батыш өлкөлөрүнүн кескин сынына кабылган. Андан бери орус бийлиги Украинанын чыгышында жикчилерди тымызын колдоп келатканы да ага каршы санкциялардын катуулашын шарттады.

Учурда орус рублинин куну качып, мунай продукциясынын баасы да мурда болуп көрбөгөндөй арзан болууда. (BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG