Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

ИИМде күбөлөрдү коргоо боюнча башкармалык түзүлдү


Жаңы түзүлгөн башкармалык сот жараянындагы күбөлөрдүн коопсуздугун коргоо жаатында иш алып барат. Аталган башкармалык күбөлөрдү коргоо боюнча өкмөт токтомун аткаруу алкагында түзүлдү.

Министрликтин маалыматында, акыркы кезде сот иштеринде күбөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келген учурлар болуп, алар тергөө маалында берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө аргасыз болууда. Буга мисал катары Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Камчы Көлбаевдин ишин мисал келтирген. Анда көпчүлүк күбөлөр баштапкы көрсөтмөлөрүн сотко келгенде өзгөрткөн эле.

Жаңы түзүлгөн башкармалыкка кызматкерлер конкурстук жол менен тандалганы айтылды. (BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG