Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

ЖК Бажы биримдиги боюнча кезектеги он мыйзамды кабыл алды


Бүгүн Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна байланыштуу кезектеги мыйзам долбоорлор топтомун үчүнчү окууда жактырды. 10 мыйзамдан турган топтомдо “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, "Бажы биримдигинин аймагында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби” ж.б. мыйзамдар бар.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши үчүн 110, ал эми Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулууда 18 келишим түзүлөт. Бажы биримдигине кирүүдө баш-аягы 112 ченемдик укук актылары каралса, анын 32си мыйзам болуп саналат. Кыргызстан өзүнүн улуттук мыйзамдарын Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө тийиш.

Өкмөт буга чейин Бажы биримдигине кошулуу боюнча 38 мыйзам долбоорун жана 12 укук-ченем документти иштеп чыккан. Алгачкы 16 мыйзам долбоор кабыл алынган. Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бардык мыйзамдар жаңы жылга чейин кабыл алынарын билдерген. (BkA)

XS
SM
MD
LG