Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Киев менен жикчилердин кезектеги сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурады


Украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилердин 10-декабрга пландалган кезектеги сүйлөшүүсү болбой калды. Бирок украин тарап ок атышпоо келишимин дагы бир суткага узартарын билдирди.

Киевдин расмий өкүлү, Украинанын экс-президенти Леонид Кучма жикчилер буга чейинки макулдашууну бузуп, ок атууну токтотпой жатканы үчүн Минскте өтө турган жолугушуу болбой калганын жана Донбасста да сүйлөшүү өткөрүүнүн кажети жок экенин билдирди.

Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу, ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн өкмөт, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана орусиячыл жикчилердин өкүлдөрүнөн турган топ түзүлгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG