Өкмөт алдындагы Байланыш агенттиги өлкөдөгү интернет-провайдерлерден Kloop.kg сайтына жарыяланган “Казак жихадчыларынын балдары” тууралуу макалага тыюу салууну талап кылды. Бул тууралуу Kloop.kg сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, агенттикке мындай талап менен Башкы прокуратура кайрылган. Мунун айынан Kloop.kg Кыргызстанда толугу менен ачылбай калуу коркунучунда экенин жазууда.
Байланыш агенттигинен “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кайрылуу келип түшкөнүн тастыктап, бирок интернет-провайдерлерге берилген тапшырма боюнча комментарий берген жок.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Kloop.kg интернет порталындагы жарыяланган макала боюнча прокуратурага кайрылган. Маалыматка ылайык, портал өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун лагеринде машыккан казак улутундагы кичинекей балдар тууралуу британиялык Daily Mail гезитиндеги тасманы жарыялаган. Ички иштер министрлиги бул аракетти экстремисттик топтун идеологиясын жайылтууга көмөктөшүү деп баалап, прокуратурадан укуктук баа берүүнү өтүнгөн болчу. (BkA)