Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

ИИМ: полковник Парманкулов камакка алынган жок


ИИМдин Кылмыш-иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы полковник Бакыт Парманкулов камакка алынган жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат каражаттары Парманкулов журналист Сыргак Абдылдаевге кол салууга шектелип, камакка алынганын жазып чыккан эле.

Сеитов бул маалыматты четке кагып, Парманкулов буга чейин тергөөгө чакырылганын, бирок камакка алынбагынанын билдирди.

2009-жылы март айында «Репортер-Бишкек» гезитинин ошол кездеги серепчиси Сыргак Абдылдаевге белгисиз адамдар кол салып, бычактап, колу-бутун сындырып кетишкен. Мындан соң Абдылдаев Швециядан башкалка алууга аргасыз болгон. Абдылдаев ал кезде мурдагы Бакиев бийлигинин кемчиликтерин ашкере кылган макалаларды жазып турган. Ага кол салгандар алиге чейин кармала элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG