Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Айтматовдун белгисиз сүрөттөрү Брюсселдеги көргөзмөгө коюлат


Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка караганда, аталган иш-чараны Бельгия падышалыгындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги жана Коомдук телерадио корпорациясы, "Улут жүзү" коомдук фонду менен биргеликте уюштурган.

Көргөзмө Чыңгыз Айтматовдун Европада элчиликти аркалап жүргөндөгү ишмердиги жана чыгармачылыгын чагылдырат. Көргөзмөгө буга чейин жарыяланбаган Айтматовдун санаалаштарына таандык жана сүрөтчү Ибрагим Бакировдун эмгектери коюлган.

Ибрагим Бакиров бир нече жыл бою жазуучу менен бирге болуп, ал тууралуу кызыктуу сүрөт баяндарды топтой алган. Андан сырткары көргөзмөдө Айтматовдун жакын досу, Европадагы белгилүү Айтматов таануучу Жан Бланкоффго таандык сүрөттөр бар.(ECh)

XS
SM
MD
LG