Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Бишкекте кыска метраждуу тасмалар фестивалы ачылууда


Бүгүн Бишкекте «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» фестивалы ачылат. Заманыбыздын залкар адамы, адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган бул маданий иш-чаранын максаты – киноискусстводогу кыска метраждуу фильмдердин актуалдуулугун арттыруу жана автордук көз караш аркылуу кинематографтагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.

Төрт күндүк фестивалды «Айтыш» коому, Кыргызстандын Кинематографисттер союзу жана Кинематография департаменти уюштурууда.

Быйыл чет өлкөлөрдөн 400гө жакын жана 150дөй жергиликтүү киночу катышуу ниетин билдирди. Жыйынтыгында эл аралык программа боюнча 13 тасма, ал эми кыргызстандык 10 тасма көрсөтүлмөй болду. Бул жолу калыстар тобун түркмөнстандык кинорежиссер Ходжакули Нарлиев жетектөөдө.

Фестивалдын ачылышында кыргызстандык Артыкпай Сүйүндүков жана Молдосейит Мамбетакуновдун “Көч” документалдуу тасмасы көрсөтүлөт. Чыгармачыл сынактын жыйынтыгында мыкты тасма жана мыкты режиссер тандалып алынып, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн атынан сыйлыктар тапшырылат. Жалпы байге фонду 500 миң сом. (RK)

XS
SM
MD
LG