Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

№3 Балдар ооруканасы ачылганына 50 жыл болду


Бүгүн Бишкекте №3 Балдар ооруканасынын 50 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өтөт. Ага шаар депутаттары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги жана чет мамлекеттерден келген коноктор катышат. Оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун “Азаттыкка” айтымында, мекеменин тарыхы Кыргызстандагы балдар хирургиясы менен тыгыз байланышта:

- Биринчи балдар хирургиясы бизде ачылган эки бөлүм болуп. Алгач 80 орундук болчу. 50 жылдан бери биз балдарга тез жардам көрсөтүп келатабыз.

Жылына, Өмүрбековдун айтымында, бул ооруканага 160 миңден ашуун бала кайрылат. Алардын 17 миңдейи жатып, калгандары амбулатордук негизде дарыланат. 160 миң баланын 40 миңдейи түрдүү травма менен түшөт.

Соңку жылдары тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркайлардын саны өсүүдө. Мунун себеби, Өмүрбековдун билдиргенине караганда, кош бойлуу кезинде энелер түрдүү жугуштуу оорулардан жабыркап, дарыланбай жүрө бергендигинде болууда. Башкы дарыгер ошондой эле каржылоо, айлык маселеси чечилбегендиктен адистер жетишпей жатканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG