Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:43

Италияда жумушчулар массалык түрдө иш таштады


Италияда жумушчулар эмгек базарын реформалоого жана үнөмдөө чараларынын киргизилишине каршы массалык түрдө иш ташташты.

Профсоюздар мамлекеттик жана жеке секторлордун кызматкерлерин, атургай өкмөт акцияга катышууга тыюу салган темир жол жумушчуларын да иш таштоого чакырды.

Италия боюнча элүүдөн ашык жүрүштөр жана демонстрациялар болжолдонгон. Негизги акциялар Римде жана Туринде өтөөрү күтүлүүдө.

Профсоюздар маалымдагандай, өлкөдө жалпы жумушчулардын 70% иш таштады.

Алардын нааразычылыгын жаңы “Эмгек тууралуу акт” жаратты. Бул акт ишке кабыл алуу жана бошотуу процедураларын жеңилдетип, жумушсуздарга төлөнүүчү жөлөкпулду көбөйтөт.

Маттео Ренцинин өкмөтү бул мыйзамдын кабыл алынышы эмгек базарын жаңылантат деп эсептегени менен оппозиция жана профсоюздар мыйзам эмгекчилердин укугун бузат деп баалашууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG