Ошто 8-класстын окуучу кыздарын зордуктоого айыпталып, 20 жаштагы эки студент убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ИИБнин маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.
Анын айтымында, Оштогу жогорку окуу жайлардын биринин 20 жаштагы эки студенти 8-класстагы өспүрүм кыздар менен интернеттеги социалдык тармак аркылуу таанышып, жолугушуга чакырган. Алар жашы жете элек кыздарды үйгө алып барып, күч колдонуп зордукташкан.
Учурда өспүрүм кыздарды зордуктоого айыпталып жаткан студенттерге карата кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө. (YI)