Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Швеция аскерий учак Орусияга таандык экенин айтууда


Швециянын аба жолундагы жүргүнчү учак менен аз жерден кагышып кала жаздаган аскерий учак Орусияныкы экени айтылууда.

“Азаттыктын” орус кызматы Швециянын коргонуу министри Петер Хультквист менен байланышканда, ал Орусиянын учагы экенин аныкташканын билдирген.

“Орусиянын чалгын учагы болгонун аныктадык. Бул олуттуу жана өтө кооптуу окуя”, – деди министр Петер Хультквист .

Мындан мурдараак Швеция аба жолунда жүргүнчү учак менен белгисиз аскерий учак кагышып кете жаздаган. Бактыга жараша кырсык болгон эмес. Жүргүнчү учак абага көтөрүлгөндөн кийин, аба жолдорун көзөмөлдөп турган кызмат Швециянын Мальмё шаарына жакын жерде белгисиз аскерий учак жүргөнүн байкап калган.

Швециянын эксперттери Орусия эл аралык аба мыйзамдарын бузганын айтууда. Бул боюнча Орусия расмий билдирүү тарата элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG