Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Жоокердин өлүмү боюнча иликтөө соңуна чыкты


Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, №97632 аскер бөлүгүндө офицер огунан каза тапкан жоокердин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө аягына чыкты. Комиссия бул окуя командачылык тарабынан көзөмөлдүн начардыгынан, офицердик курам менен жекече тарбия иштеринин жоктугунан, алардын моралдык-психологиялык сапаттарын билбегендиктен улам келип чыккан деп аныктады.

22-ноябрда Абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн бир офицери ефрейтор Бактияр Көчөрбаевди атып алган. Атылган октон ефрейтор ооруканага жетпей каза тапкан.

Бул окуяга байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын күнөөлүүлөрдү жазалоо тууралуу буйругу да чыккан. Ага ылайык, штаб башчы жана башка бир катар кызматкерлердин иш-аракеттерин текшерүү боюнча материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн. Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде териштирүү жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG