Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Билим берүү жана илим министрлигине Сариева сунушталууда


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы Билим берүү жана илим министрлигине социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Элвира Сариеваны сунуштап жатат.

Бул маалыматты аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” тастыктады. “Сариева жаш, чыгармачыл жана башкаруу тажрыйбасы бар. Фракция ага үмүт артууда”, - деди эл өкүлү Турсунбеков. Сариеванын талапкерлиги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сунушталды. Вице-премьер-министрдин ордуна кимдин талапкерлиги каралып жаткандыгы айтылган жок.

Министрликти буга чейин жетектеп турган Канат Садыков өткөн аптада кызматтан бошотулган. Буга чейин Башкы прокуратура Канат Садыковдун жоопкерчилигин кароого чакырып, премьер-министрге кайрылуу жолдогон. Ал Кыргыз-орус славян университетине былтыр 24 абитуриентти мыйзам бузуу менен кабыл алуу чечимин чыгарган деп шектелүүдө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG