"Тайырбек Сарпашевдин кызымын" деп интернет колдонуучулары менен айтышып, аларды коркутуп жаткан кыз биринчи вице-премьер-министрдин кызы эмес.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Сарпашев өзү билдирди. “Бул чагым болушу мүмкүн. Шайлоо жакындаган сайын мындай туура эмес маалыматтар көп болот”, - деди өкмөттүн биринчи орун басары. Ал кызы жок экенин, мектеп курагындагы үч уулу бар экенин кошумчалады.
Instagramда өзүн Сарпашевдин кызымын деп тааныштырган колдонуучу башка интернет колдонуучулар менен айтышып, министрдин кызы экенин, атасынын акчасы менен көп ишти бүтүрө ала турганын жазган. (КЕ)