Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Беловодскидеги жатак мектепте балдардын укугу бузулган


Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди.

3-декабрда Беловодскидеги жатак мектептен бир тарбиялануучу качып кеткен. Бул окуядан кийин аталган фонд Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор менен биргеликте жатак мектепке мониторинг жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында, балдардын укуктары бузулганы аныкталган. Буга байланыштуу материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Турдубекова укук бузуулар тууралуу маалымат териштирүүлөрдөн кийин кенен айтыларын кошумчалады. Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги да өзүнчө иликтөө жүргүзөрүн билдирген.

Ушул эле жатак мектептен 2012-жылы алты бала качып кеткен эле. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматова балдар ур-токмокко кабылып, жөө-жалаңдап Бишкекке качып келгенин жазган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG