Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Украинага барган казакстандык жаран беш жылга соттолду


Сары-Арка райондук соту. Астана.
Сары-Арка райондук соту. Астана.

Астана шаарынын Сары-Арка райондук соту Евгений Вдовенкону Украинадагы согушка өз эрки менен барган деп тапты.

30 жаштагы Вдовенко октябрда кармалып, соту 12-декабрда башталган эле. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Луганск облусунун борборунда черүүдө жүргөн жана чек ара бекеттерин күзөткөн.

Вдовенко Украинага адам өлтүргөнү же өкмөттү төңкөрүүгө барбаганын айтып, жарым-жартылай күнөөсүн моюнуна алды. Ал 2009-2012-жылдары каракчылык кылган жана мыйзамсыз курал кармаган деп айыпталып, абакта отуруп чыккан.

Чыгыш Украинада жикчилдер менен апрелден бери жүрүп жаткан согушта 4700дөн көп адам жайран болду.

XS
SM
MD
LG