Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Нарында жер силкинди


Ак-Талаа районунун аймагындагы Байбиче-Тоо тоо кыркаларында 15-декабрь күнү саат 16:10 чамасында күчү үч-төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.

Нарын районунун Учкун, Куланак айылында жер титирөөнүн күчү эки-үч баллга жеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, анын очогу Баетов айылынан түштүк чыгышка 22 чакырым, Ак-Тал айылынан түндүк-батышка 45 чакырымында болгон. Учурда жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тиешелүү иштерди алып барууда.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркоолор катталган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG