Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Жапаркулов: Алканов боюнча иш тергелип бүттү


Бул тууралуу бүгүн парламенттин комитет жыйынында ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов билдирди. Анын айтымында, Алкановго байланыштуу иш жаңы жылга чейин сотко өткөрүлөт. Анын айтымында, ишкер кылмышка шектүүлөрдү зордуктоого аракет кылган деген маалымат тастыкталган эмес.

Райкан Алкановго 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салуу болгон. Натыйжада анын ашказаны, көк боору жана боору жабыркап операция жасалган. Дарыгерлер ишкердин денесине 18 жолу бычак урулганын билдиришкен.

Буга чейин милициядагы ишенимдүү булактарына таянып, айрым басылмалар кол салууга шектүү катары кармалган 16 жаштагы кыз менен ишкердин байланышы бар экенин жазып чыгышкан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG