Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Ош: чет өлкөлүк студенттерди тоноп жүргөн жаран кармалды


Ошто чет өлкөнүн төрт жаранын тоногон Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Кылмышка шектүү жаран 11-декабрда Ошто окуган индиялык студенттин үйүнө кирип, компьютерин тартып алганы боюнча айыпталып кармалган. Ал мындан башка дагы чет элдик студенттерди тоногон деп шектелүүдө. Учурда Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага тоноочулук кылган жана адамдын денесине залал келтирген деген айыптар тагылууда. (YI)

XS
SM
MD
LG