Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

ТИМ: Пакистандагы окуяда кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда


Жардыруу болгон жерге келген тез жардам машинеси. Пакистан.
Жардыруу болгон жерге келген тез жардам машинеси. Пакистан.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги чабуулда жабыркагандар жана каза болгондор арасында кыргызстандыктар бар-жогун сураштырууда.

Пакистандын Пешавар шаарында эртең менен талиптер аскерий башкаруудагы мектепте кеминде 500 адамды барымтага алып, каршылык көрсөткөндөрдү аткылай баштаган. Чабуулдан 104 адам, анын ичинде 84 бала набыт кеткени кабарланды.

Расмий маалымат боюнча Исламабаддагы кыргыз консулдугунда 118ге жакын кыргызстандык жаран катталган. Алардын ичинде медреселерде окугандар, Бириккен улуттар уюмунун программасында иштегендер бар. Ал эми 100гө жакын бала энеси кыргызстандык катары каттоого алынган. Пакистан жаранына турмушка чыккан 70тен ашуун кыргызстандык аял элчиликте каттоодо турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG