16-декабрда орус рубли кайра арзандады. 70 рубль 1 доллар жана 88 рубль 1 евро болуп калды. Орусия Борбордук банкынын төрагасы Элвира Набиуллина бүгүн “Россия-24” ТВсына берген интервьюда, рублдин арзандоосун мунайдын баасынын төмөндөшү жана орусиялыккомпаниялардын Батыштан капитал ала албай калуусу менен байланыштырды:
-Акыркы убакта улуттук валюта маанилүү өлчөмдө арзандаганы байкалды. Анын негизги себеби: кара майдын баасынын төмөндөшү жана биздин компаниялар менен банктардын эл аралык финансы булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроосу болду.
Орусиянын борбордук банкы рублдын кунун качырбоо үчүн 15-декабрда проценттик ставкасын 10, 5 проценттен 17 процентке жеткирген. Анын алдында рубль 10 процентке кубатын жоготуп, 1 АКШ доллары 64 рублге сатыла баштаган. Борбордук банк проценттик ставканы жогорулаткандан кийин 1 доллар 60 рублге түшкөн эле Жыл башынан бери рубль 50 процентке жакын арзандады жана кубатын быйыл дүйнөдө эң катуу арзандаган украин акчасы-гривнадан да көпкө жоготту.