Пакистан талиптеринин Пешавардагы мектепке жасаган чабуулунан 132 адам өлдү. Алардын 125 мектеп окуучулары. Кызыл кыргынга байланыштуу Пакистанда үч күнгө аза күтүү жарыяланды.
Өкмөттүк күчтөр беш талипти атып өлтүргөнүн, алтынчысы өзүн өзү жардырып өлгөнү расмий маалымдалды. Пешвардын мыкты күзөтүлгөн бөлүгүндөгү аскерий башкаруудагы мектепке жана колледжке жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти Техрик-е-Талибан өзүнө алды. Уюмдун өзүн Мухаммад Хорасани деп атаган өкүлү “Азаттык” радиосунун кабарысына телефон чалып, кол салуу өкмөттүк күчтөр Түндүк Вазиристанда жүргүзүп жаткан операция үчүн өч алуу деп билдирди.
Чабулдуу дүйнө өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар айыптушууда. АКШ президенти Барак Обама Пешавар мектебине жасалган чабуулду “наамартчылык” деп мүнөздөп, Пакистан өкмөтүнүн эксремизмге жана терроризмге каршы күрөшүн колдоорун билдирди.