Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Беларуста онлайн медианы жабуу жеңилдеди


Президент Лукашенконун оппонеттери аны бийликтеги 20 жылында басма сөз эркиндигин такай кысмактаганы үчүн сындап келишет
Президент Лукашенконун оппонеттери аны бийликтеги 20 жылында басма сөз эркиндигин такай кысмактаганы үчүн сындап келишет

Өлкө парламенти бүгүн жактырган мыйзамга ылайык, мамлекет бир жыл ичинде эки ирет эскертүү алган интернет сайтты жаап койо алат.

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмекчи.

Беларустун маалымат министри Лилия Ананичтин айтымында, мыйзам онлайн медианын каттоодон өтүүсүн талап кылбайт. Бирок министрлик интернет сайттар колдонгон материалдардын беларус мыйзамына шайкеш келер-келбесин көзөмөлдөп турмакчы.

Сайттардын мазмууну үчүн анын ээлери жоопкер болот.

Беларустун жаңы мыйзамы ошондой эле жаңылыктар сайттарына чет өлкөлүктөрдүн ээлик кылуу үлүшүн азыркы 30%дан 20%га түшүрдү.

Президент Лукашенконун оппонеттери жана батыш өлкөлөрүнүн бийликтери беларус лидерин бийликтеги 20 жылында басма сөз эркиндигин такай кысмактаганы үчүн сындап келишет.

Талдоочулар беларус бийликтеринин соңку кадамын салттуу медиа, теле-радио катуу көзөмөлдөнгөндүктөн, сынчыл пикир көбүнесе интернет сайттарда айтылып калганы менен түшүндүрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG