Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

ЕБ соту ХАМАС тобун террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды


Европа биримдиги соту Палестинадагы ХАМАС тобун террордук уюмдардын Европадагы тизмесине кошуу боюнча Еврокеңештин 2001-жылдагы чечимин жокко чыгарды. Жалпы юрисдикция соту ХАМАСтын доо арызын карап чыгып, аталган топ террорчулардын катарына тажрыйбалуу органдар далилдеп берген кылмыштар үчүн эмес, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернеттеги маалыматтардын негизинде киргизилгени үчүн ушундай чечим кабыл алган.

ХАМАСтын банк эсептери үч ай бою – сот чечими боюнча доо арыз жолдоо мөөнөтү бүткөнгө чейин муздатылат. Ал арада Евробиримдик ХАМАСты террордук топ катары санай бере турганын билдирди.

ХАМАС тобун АКШ, Канада, Жапония жана Израил террордук деп эсептейт. Ал эми Австралия менен Британияда топтун аскерий канаты экстремисттик топтордун тизмесинде. (SE)

XS
SM
MD
LG