Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

ИИМ бала сатып алуу жөнүндө чыккан жарыяны иликтей баштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы териштирүү жүргүзө баштады. Азырынча жарыяны ким, кандай максатта бергени аныктала элек.

Кыргыз тилдүү “Тамчы” гезитине “Бир жарым жашка чейинки кыз бала сатып алам” деген жарыя чыккан. Анда жарнама берген адамдын телефон номери да көрсөтүлгөн. Азыр бул номер өчүп, иштебей турат. Аталган гезиттин редактору Жанар Камбаралиева жарыяда ката кетип калганын “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG