19-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5 градус жылуу;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0...5;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-жачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн 0...-2 градус, күндүз 3...5 градус жылуу болот. (КЕ)