Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Иракта аскерлер Синжар тоосуна жол ачты


Ирак күрттөрүнүн аскерлери.
Ирак күрттөрүнүн аскерлери.

Иракта өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы күрөшүп жаткан күрттөрдүн Пешмерга аскерий күчтөрү жай тургундарды коопсуз аймакка алып чыгып кетүү үчүн Синжар тоосуна жол ачышты. Аскерлер АКШ баштаган коалициянын коштоосунда Синжар шаарында чабуулду улантышууда.

Август айында согушкерлердин колуна өткөн Синжарды кайтаруу операциясы 17-декабрда башталган. Пешмерганын командачылары операциянын алгачкы баскычында сегиз айыл көзөмөлгө алынганын, 80 согушкер жок кылынганын билдиришти. АКШ куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү 15-декабрдан бери Иракта "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерине 61 сокку урулса, анын 45и “Пешмерга жана Ирак коопсуздук күчтөрүнүн” Синжардагы операциясына колдоо иретинде жүргүзүлгөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG