Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Быйыл Орусиядан 277 "жүк-200" жөнөтүлгөн


Быйылкы жылдын 11 айында Орусиядан жалпысынан 277 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Орусиядагы элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Өлүмдүн басымдуу бөлүгү Борбордук Федералдык округга туура келген.

Былтыр Орусиядан Кыргызстанга 357 "жүк-200" жөнөтүлгөн. Кыргызстанга Москвадан сөөк жөнөтүү 35-40 миң рублга айланса, Орусиянын алыскы аймактарынан жөнөтүү 60-150 миң рубл талап кылат. Бул акчаны маркумдун жакындары, жердештери өздөрү чогултат, кээде иштеген жери бөлүп берет. Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза тапкан жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө акча бөлбөйт. Бейрасмий маалымат боюнча, Орусияда миллионго чукул кыргызстандык жашайт. Көбүнчөсү соода-сатыкта, курулушта жана тейлөө тармагында иштейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG