Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Си Цзинпиндин визити маалында макаолуктар кол чатырларды ача алышпайт


Си Цзинпин.
Си Цзинпин.

Макаонун бийликтери Кытай президенти Си Цзинпиндин эки күндүк визити маалында жарандарга кол чатыр колдонууга тыюу салды. Ошондуктан Кытай лидерин аэропортто күткөн мектеп окуучулары, журналисттер жана расмий адамдар суук жамгырга карабай кол чатырсыз турушту.

Си Португалиянын мурдагы колониясынын Кытай башкаруусуна кайтарылганынын 15 жылдык салтанатына катышууга келген. Журналисттердин айтышынча, аэропорттун жетекчилиги катуу шамал болот, кол чатырды шамал жулуп кетсе, учактардын коопсуздугуна коркунуч туудурат деп эскерткен.

Кээ бир байкоочулар кол чатыр Гонконгдогу демократиялык кыймылдын символу болгондуктан, кол чатырды пайдаланууга уруксат берилген жок дешет. Гонконг да Макаодой эле жарым автономия макамына ээ. Сентябрдан бери эркин шайлоо өткөрүүнү талап кылган гонконгдук демонстранттар кол чатырды полиция аткан калемпир суудан коргонуу үчүн колдонушат.

XS
SM
MD
LG