Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

АКШ Крымга экономикалык жана финансылык санкцияларды киргизди


Крым, Украина.
Крым, Украина.

Президент Барак Обама Украинанын аймагындагы Крымга санкцияларды киргизүүнү караган мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, Америкадан Крымга товарларды экспорттоого, технологиялык жактан кызматташууга тыюу салынды. Ал жактан дагы бардык товардарды импорттоого, аларга инвестиция кылууга чек коюлду.

Бул чектөөлөрдү Барак Обама жарым арал Орусиянын колуна өткөнү, бирок аны дүйнө коомчулугу тааныбай атканы үчүн киргизгенин билдирген.

- Мен дагы бир жолу Орусияны Крымды аннексиялап албоого, Украинанын чыгышындагы жикчилерге колдоо көрсөткөнүн токтотууга чакырам, - деди Обама.

Буга чейин АКШ жана Евробиримдик орусиялык жана бийликтен кулатылган президенти Виктор Янукович баш болгон украиналык 30 расмий адамды, "кара тизмеге" киргизген. (TSh)

XS
SM
MD
LG