Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Сариева билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Элвира Сариева.
Элвира Сариева.

Бүгүн, 20-декабрда Сариева Эльвира мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Аталган буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттан маалымдашты. 

Кечээ, 19-декабрда депутаттар Сариеванын министрликке талапкерлигин колдогон. Сариева социалдык блок боюнча вице-премьерлик кызматты быйыл сентябрдан бери аркалап келген. Ал КСДП фракциясынан министрлик кызматка сунушталган соң анын ордуна депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги көрсөтүлгөн. (TSh) 

XS
SM
MD
LG