Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Профессор Карыбек Молдобаев дүйнө салды


Көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, профессор Карыбек Молдобаев 82 жашында оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси Бермет Бусурманова билдирди. Маркум менен коштошуу зыйнаты 23-декабрда Бишкек шаарында өтөт.

Карыбек Молдобаев 1932-жылы Кочкор районунун Мантыш айылында туулган. Ал узак жылдар бою партиялык жогорку кызматтарды ээлеген. 1973-1985-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы болгон. 1995-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин алгачкы ректору болуп эмгектенген.

Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG