Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 21-декабрда өткөн парламенттик шайлоо бюллетендерин санап жатат. Бирок добуш берүү жыйынтыгы чыга электе эле парламентке президент Ислам Каримовдун саясатын жактаган партиялар келери алдын ала белгилүү болду. Анткени өзбек оппозициясынын өкүлдөрү бул шайлоону бойкоттоого чакырып, бир да оппозициялык партия шайлоого катышкан жок.
Өлкө парламенти - Олий Межлистин төмөнкү, мыйзам чыгаруу палатасындагы 150 депутаттык орун үчүн 520 талапкер катталган. Алар төрт саясий партия: Либерал-демократиялык, Элдик-демократиялык, Демократиялык Улуттук кайра жаралуу, Социал-демократиялык “Адолат” партиялары тарабынан көрсөтүлгөндөр.
Бул партиялардын баары өлкөнү 24 жылдан бери башкарып келаткан 76 жаштагы президент Ислам Каримовдун саясатын колдошот.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) бул шайлоого аз сандагы байкоочуларын жөнөттү. Уюм Өзбекстандагы шайлоо саясый күчтөр ортосундагы атаандаштык камсыздалбаган шартта өтүп жатканынан улам толук кандуу миссия жөнөтүүнүн зарылчылыгы жок деп билдирген.
Бирок өзбек шайлоо комиссиясы саясий өнөктүккө 300гө жакын эл аралык байкоочу көз салганын билдирди. Комиссиянын маалыматы боюнча, 20 миллиондон ашык шайлоочунун 88 пайызга жакыны добуш берүүгө катышты.