Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Пакистанда орус жараны өлүм жазасына тартылды


Пакистандагы Файсалабад шаарындагы түрмөдө Ахлас Ахлак аттуу орус жараны дарга асылды. Мындай маалыматты Пакистандагы Орусиянын элчилигинен тастыкташты. Ахлакка Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушаррафга кол салууга катышкан деген айып тагылган. Бул иш боюнча сот өкүмү 2005-жылы чыккан болчу. Бирок 2008-жылы өлкөдө өлүм жазасына мораторий киргизилгендиктен өкүм аткарылбай келген.

17-декабрда Пешаварда мектепке талиптердин кол салуусунан соң Пакистанда өлүм жазасына мораторий алынып салынган. Ахлак менен кошо Мушаррафга кол салуу боюнча Пакистандын үч жараны өлүм жазасына тартылган.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ахлакка айыпты жумшартууну суранып, Пакистан бийлигине бир нече жолу кайрылган. Бирок андан майнап чыккан эмес.

XS
SM
MD
LG