Бүгүн 22-декабрда “Шайлоо мыйзамындагы квоталар - өзүңдү көрсөт!” деп аталган өнөктүктүн алкагында иш-чара өтөт.
Талкуу Аял депутаттар форумунун координациялык кеңешинин төрайымы, ЖК депутаты Айнуру Алтыбаеванын жана Аялдар форумунун демилгеси менен өткөрүлүүдө.
Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, ЖК депутаттары, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү, жаш активисттер катышып, шайлоолордогу аялдар квотасы жана аялдардын саясаттагы орду тууралуу сүйлөшөт.
“Мындай иш-чара аркылуу шайлоолордо гендердик теңчилик боюнча мыйзамдарды сактоо маселесине коомчулуктун көңүлүн бурдурууну көздөйбүз”, - дешет уюштуруучулар. Талкуу саат 14:00дө Бишкектеги "Студио 247" кафесинде өтөт.