Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Талибандар тажик чек арачыларын кармап кетишти


Тажик-ооган чек арасындагы тажик аскери.
Тажик-ооган чек арасындагы тажик аскери.

Тажик-ооган чек арасында Ооганстандын Кундуз провинциясында Талибан кыймылынын согушкерлери төрт тажик чек арачысын кармап, алып кетишкен. Алар Тажикстандын Пянж чек ара бөлүгүндө кызмат кылышчу. Окуя дем алыш күндөрү болгон.

Учурда Тажикстандын улуттук коопсуздук комитетине кирген Чек ара кызматынын башкы башкармалыгы аскерлерди бошотуу үчүн атайын операциясын жүргүзүүдө.

Талибандарга колго түшкөн кезде тажик аскерлери Ооганстандын Имам-Сахиб аймагында отун даярдап жүргөн.

Ооганстандын полициясынын маалыматына ылайык, талиптер чек арачы балдарды Тажикстандын түрмөлөрүндө отурган талибанчылар менен айырбаштоону көздөөдө.

Окуя боюнча тажик тарап маалымат бере элек.

Маалыматтарга караганда кышында электр энергиянын тартыштыгынан улам тажик чек арачылары аскер бөлүктөрүн жылытуу үчүн өзүлөрү отун камдашат.

XS
SM
MD
LG