Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Москвада Бажы биримдиги боюнча келишимге кол коюлат


Бүгүн Москвада Евразия экономикалык кеңешинин жогорку жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлат. Ага катышуу үчүн президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация кечээ Москвага барды. 22-декабрда кыргыз өкмөтү жана парламенттин тиешелүү комитеттери бул келишимдин долбоорун жактырган. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголду деп ишендирди.

Ал эми Алмазбек Атамбаев “Россия 24” телеканалына маегинде Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен туура жолдо баратканын билдирди.

- Мен биздин кадамдар толугу менен негизделген деп эсептейм. Бул жараяндын артыкчылыгы менен кемчилигин эсептеп чыккандар биримдикке кошулуу менен Кыргызстан жалпысынан артыкчылыкка ээ болорун түшүнүп турат, - деди Атамбаев.

Кыргызстанда Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча маселе эки жылдан бери кызуу талкууланып келет. Өлкөдөгү бир катар жарандар бул уюмдарга кошулуу Кыргызстандын саясый көз карандысыздыгына доо кетирет деп каршылыгын билдирүүдө. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлган соң Жогорку Кеңеш аны ратификациялашы зарыл болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG