Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде вице-премьер министрлик үчүн депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ниязалиеванын талапкерлигин өзү мүчө болгон Социал-демократтар фракциясы көрсөткөн.
Буга чейин бул кызматты аркалап келген Эльвира Сариева өткөн аптада билим берүү жана илим министрлигине дайындалган болчу. (BkA)