Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

ЖККУнун Москва саммитинде 22 документке кол коюлду

Москвада өткөн ЖККУнун кезектеги жыйынында уюмга мүчө мамлекет башчылары 19 чечим, 2 протокол жана биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Өлкө башчылары ЖККУга кирген өлкөлөрдү эл аралдык терроризмден, диний экстремизмден коргоо чараларын күчөтүү, ооган-тажик чек арасындагы кырдаалды бирге көзөмөлдөө жана Украинадагы кризистин тынчтык жолу менен чечилишин кубаттоо боюнча макулдашышты.

ЖККУнун төрагалыгы Орусиядан Тажикстанга өттү. Бирок Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны 2015-жылдын экинчи жарымында кайрадан Москвада өтөт. ЖККУга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Тажикстан мүчө. (UEz)

XS
SM
MD
LG