Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Кремль ЖККУ мүчөлөрүн "макулдашып" иштешүүгө чакырды


ЖККУнун Москва саммити, 23-декабрь, 2014
ЖККУнун Москва саммити, 23-декабрь, 2014

Владимир Путин регионалдык уюмдун мүчөлөрүн өз коопсуздуктарын жакшыртуу үчүн “чогуу жана макулдашып чара көрүүгө" чакырды. Путин "Дүйнөдөгү жагдай өтө ылдам өзгөрүүдө. Эски проблемалар курчуп, өкүнүчкө карай жаңылары пайда болууда. Глобалдык коопсуздук системасы бузулууда. Мунун баары ЖККУга мүчө мамлекеттерди өздөрүндөгү жана жалпы региондогу коопсуздук үчүн макулдашып, чогуу чара көрүүгө үндөйт” деди.

Беларус президенти Александр Лукашенко бүгүн ЖККУнун чек арасындагы кырдаал мурда болуп көрбөгөндөй оор жана жарылууга жакын турат деди.

Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстандагы кырдаал мурдагыдай эле ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратканын билдирди.

Жыйында лидерлер эл аралдык терроризмден, диний экстремизмден коргоону чараларын күчөтүү, ооган-тажик чек арасындагы кырдаалды бирге көзөмөлдөө жана Украинадагы кризистин тынчтык жолу менен чечилишин кубаттоо жөнүндө макулдашты.

XS
SM
MD
LG