Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Бажы биримдигиндеги Кыргызстандын үлүшү - 1,9%


Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимде Кыргызстандын бажы төлөмдөрүндөгү үлүшүнүн көлөмү 1,9 пайыз деп аныкталды. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул үлүш Кыргызстан үчүн абдан чоң мааниге ээ:

- Бажы биримдигинде 100 пайыздык үлүштө Казакстандыкы жети пайыздан саал көбүрөөк. Алардын экономикасы 200 миллиард доллар, ал эми биздики 10 миллиард долларга жетпейт. Ал эми Беларустуку 4,7 пайыз. Арменияныкы болсо 1,3 пайызды түзөт. Мындай жол менен Кыргызстан бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө абдан чоң мүмкүнчүлүк алды, - деди Сариев.

Темир Сариев кошумчалагандай, Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишим 2015-жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирет. Ал эми Казакстан менен бажы көзөмөлү кийинки жылдын 8-майынан тарта алынмакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG