Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

“Ак-Кеме” мейманканасына байланыштуу кылмыш иш козголду


Башкы прокуратура “Ак-Кеме” мейманканасына байланыштуу 11 миллион долларлык доону төлөө боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, каражаттын 6 миллионун которууда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети мыйзам бузууларга жол берген. Мындан улам аталган комитеттин бир катар мүчөлөрү көрсөтмө беришти.

Буга чейин кыргыз өкмөтү түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясына 11 млн. доллар төлөп бергени тууралуу кабар тараган. Түрк компаниясы бул каражатты кыргыз өкмөтү менен “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сотто соттошуп утуп алган. Соттун чечими менен Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциялары камакка алынган.

Кыргыз өкмөтү ушундан кийин түрк компаниясына 11 млн. доллар которуп, акцияларды кайтарып алууну көздөгөнүн айткан. Бул иш Жогорку Кеңеште да талкууланып, тиешелүү комитет Башкы прокуратурага иликтөөнү тапшырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG