Ак үй билдиргендей, АКШ президенти Барак Обама Sony Pictures компаниясынын Түндүк Кореянын диктатору тууралуу комедияны көрсөтүү чечимин кубаттайт.
“Интервью” деп аталган комедияда Ким Чен Ындын өмүрүнө кол салуу боюнча ойдон чыгарылган кутум чагылдырылган. Ак үйдүн басма сөз өкүлү Эрик Шульц белгилегендей, Кошмо Штаттар “сөз эркиндигине, ой- пикирди көркөм ыкма менен билдирүү укугуна” ишенген өлкө.
“Интервью” комедиясы эртең АКШдагы 200дөй көз карандысыз жана арт-хаус кино театрларда көргөзүлмөкчү.
Башында Sony Pictures компаниясы киберчабуулдан жана Түндүк Корея тараптын коркутууларынан кийин комедияны көрсөтпөө чечимине келген эле. Көптөр бул чечимди сөз эркиндигине каршы чабуул иретинде баалашкан.
Расмий Вашингтон киберчабуул үчүн Пхеньянды айыптап, президент Обама ага “өзүнө жараша” жооп берилерин эскерткен.
22-23-декабрь күндөрү Түндүк Кореяда интернет өчүп калды. Бирок бул эмне себептен болгону анык белгисиз. (UE)