Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Дзюдо боюнча “Хан Манас” кубогу аяктады


Өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча “Хан Манас” кубогу үчүн эл аралык мелдеш 24-декабрда Бишкекте жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти. Маалыматка караганда мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Иран, Орусия жана Ооганстандан 17 жаштан 19 жашка чейинки курактагы 200дөн ашуун улан кыздар катышып, 15 топтом медал үчүн күч сынашты.

Эки күнгө созулган таймаштардын жыйынтыгында сегиз алтын байге уткан Кыргызстандын дзюдочулары командалык эсепте биринчи орунду ээлешип, “Хан Манас” кубогунун ээси болушту. Экинчи орундагы казакстандыктар 7 алтын байге тагынышкан. Орусия курамасына бир алтын байге буюрган. Аталган эл аралык таймаш быйыл бешинчи жолу өткөрүлдү. Буга чейин бул кубокту Кыргызстандын дзюдочулары бир жолу, казакстандыктар үч жолу утушкан эле.(ECh)

XS
SM
MD
LG