Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Парламентте депутат Төрөбековдон кол тийбестикти алуу маселеси каралат


Нурлан Төрөбеков.
Нурлан Төрөбеков.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ар-намыс” фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековдон кол тийбестик макамын алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу каралат. Бул тууралуу Төрөбековго козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Дыйканбаев билдирди. Буга чейин комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп, Төрөбековдун жогорку билим тууралуу жасалма диплом колдонгону аныкталганын жарыялаган.

Октябрь айында Башкы прокуратура "Ар-намыс" фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековго кылмыш иш козгогон. Ал жогорку билим алгандыгы тууралуу жасалма диплом колдонгон деп айыпталууда. Мындан соң башкы көзөмөл орган аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган. Депутат өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG