Бул маалыматты Иорданиянын аскер жетекчилиги тастыктады. Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн аскерий аба күчтөрүнө таандык учак Сириянын Ракка аймагында атып түшүрүлүп, учкучун болсо “Ислам мамлекети” тобунун террорчулары туткунга алган.
Учкучтун өмүрүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобуна жана анын жактоочуларына жүктөдү.
Ракка Сириянын түндүк-чыгышында “Ислам мамлекети” тобу өзүнүн борбору катары жарыялап алган шаар.
АКШ жана анын араб өнөктөштөрү Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларын сентябрда баштаган.
Иордания АКШ жетектеген “Ислам мамлекетине” каршы түзүлгөн коалицияга кирген.