Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:54

Ошто ВИЧ-инфекциясына чалдыккан үч адам үйлөнгөн


Ошто өзүнүн ВИЧ-инфекциясына чалдыкканын айтпай үйлөнгөн үч факты катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова кабарлады.

- Бизге Оштон эки, Араван районунан бир ата-эне кайрылды. Алар өз балдарын ВИЧке чалдыккан жаран менен билбей баш коштурганын айтышууда, - деди Асилбекова.

Бирок Ош облустук милициясы быйылкы жылда ВИЧ-инфекциясын атайлап жуктурган деген доо менен бир да арыз түшпөгөнүн билдирди. Мыйзам боюнча бул дарт менен жабыркаган адамдар илдетин башкаларга билип туруп жуктурганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындан эки жыл мурда ВИЧ-инфекциясына чалдыкканын жашырып үйлөнгөндүгү үчүн бир жаран соттолгон.

Учурда Ош облусунда ВИЧ-инфекциясына кабылган 2011 жаран бар. Анын ичинен 223 адам бойдок болсо, 368 жаран ажырашкан абалда жашайт. Андан сырткары 42 жесир жана бешөө жарандык никеде жашары белгилүү. (YI)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG